Улуттук онкология борборунун өкүлдөрү Казань шаарында өтө турган дарыгерлердин эл аралык жыйынына катышышат
Улуттук онкология борборунун өкүлдөрү Казань шаарында 16-18-сентябрь күндөрү өтө турган КМШ өлкөлөрү менен Евразиянын онколог жана радиологдорунун VIII съездине катышат. Аталган иш-чарага 2500дөн ашуун онкология, радиология, нур терапиясы, хирургия жана башка тармактагы орусиялык жана чет элдик адистер катышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Дарыгерлердин эл аралык жыйынында негизинен диагностика, дарылоо жана айыккыс дарттардын жаңы түрлөрү жөнүндө жазылган илимий иштер талкууга алынат. Иш-чарага өпкөдөгү шишик жана диагностика көйгөйү боюнча симпозиумга тең төрага катары Кыргызстандагы Улуттук онкология борборундагы торакалдык онкология бөлүмүнүн башчысы М.Бейшембаев чакырылган.