Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 15-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 598-чакырымында Дэу Тико унаасы менен Хонда Фит унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми каза болгон адамдарды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.