Бүгүн, 24-январда "Ала-Тоо" аянтында "Мекен шейиттери" жана ""Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмдары митинг өткөрүштү. Алар 7-Апрель окуясынын күнөөкөрлөрүн жазалоону, айыпталуучуларды үй камагына чыгарбоону жана Ички иштер министри Шамиль Атахановдун отставкасын талап кылышты. "Эгерде талаптарыбыз аткарылбаса, митингдерди өткөрүүнү уланта беребиз” дешти катышуучулар.