Аламүдүн районунда 7 жашар баланын шоктугунан улам 500 түк чөп күйүп кетти

Аламүдүн районунда 7 жашар баланын шоктугунан улам 500 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 15-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында аталган райондун Баш-Кара-Суу айылында өрт чыккан. Анын кесепетинен чөпкананын 70 чарчы метр чатыры, 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгышына үй ээсинин 7 жаштагы баласынын от менен ойногону себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан