Тармактык комитет жана билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюзу эмгек акы маселеси боюнча биргелешкен жыйын өткөрөт

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети жана КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети мугалимдердин эмгек акылары боюнча биргелешкен жыйын өткөрөт.

Жыйында тармактык комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев баяндама жасайт.

Айта кетсек, Каныбек Осмоналиев парламенттин жалпы жыйынында билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюзунун кызматкерлери айлык акыны жогорулатпаса, иш таштоо чарасын колдонушарын айтып жатканын билдирген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан