Бишкекте каракчылык фактысына шектелип 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 19 жаштагы Нурзада аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз кыз бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун жана акчасын тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Айдана кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.