Кыргызстандагы жарандардын айрым категорияларына кышкысын электр энергиясы боюнча жеңилдиктер мурункудай бойдон калат. Муну 15-сентябрда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Социалдык коргоо боюнча мамлекеттик даректүү схема электр энергиясы үчүн төлөмдү төлөө кыйынчылык жараткан колдонуучулардын айрым топторуна (аз камсыз болгон жарандар, пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар жана башкаларга) сакталуу экени айтылды. Электр энергиясы боюнча социалдык коргоого муктаж жарандарга төмөнкүдөй чаралар каралган:
1. Бийик тоолуу шартта (айылда) жашаган үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын төлөмүнөн 50 пайыздык жеңилдик
2. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул
3. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул
4. Пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсация (пенсиясы 4000 сом же андан аз болгондорго 200 сом)
5. Ай сайын коммуналдык кызмат көрсөтүүдөгү компенсация
6. Бюджет тармагында иштегендердин айлыгына кошумча акча чегерип туруу (айлыгы 5 миң сом же андан аз болгондор үчүн)