КРнын Мамлекеттик чек ара кызматында бир нече кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бүгүн, 24-январда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматында бир нече кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Буйрукка ылайык, Искендербек Мамбеталиев - Башкы штабдын жетекчиси - Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Райимберди Дүйшөнбиев - Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, Акылбек Арстанбеков - Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, Таалайбек Усубалиев - Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалышты. Президенттин башка буйругуна ылайык, Наркул Байдулетов - Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан