Чехия магистратура, бакалавриат жана докторантура программасы боюнча окууга 3 бош орун сунуштоодо

Чехиянын өкмөтү магистратура, бакалавриат жана докторантура программасы боюнча окууга 3 бош орун сунуштоодо. Муну Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Стипендиялык билим берүү Чехиянын жогорку окуу жайларында 2015-2016-жылдары болмокчу. Окутуу төмөнкү адистиктер боюнча: 
айыл чарба, медицина, техникалык жана экономикалык илимдер (билим берүү чех тилинде жүргүзүлөт). Кызыккандар кошумча маалыматтарды Билим берүү министрлигинен же Астана шаарындагы Чехиянын элчилигинен алышса болот. Стипендиаттардын бардык документтери электрондук вариантта гана кабыл алынары айтылды. Кабыл алуу мөөнөтү 2014-жылдын 30-сентябрына чейин болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан