Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 15-сентябрда Социалдык фондду жана пенсиялык системди реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Экономика министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддун жетекчилери катышкан жыйында пенсиялык системди реформалоо аракеттери талкууланды. Оторбаев бюджетке болгон басымды жеңилдетүүгө багытталган конкреттүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди. "Бүгүнкү күндө камсыздандыруу мүчө акыларын топтоону эффективдүү ишке ашыруу үчүн Социалдык фондго ыйгарым укуктар жетишпейт. Эксперттердин айтымында, айлык акылардын 52 пайызы "конверт" менен төлөнөт. Ошондуктан май айында социалдык төлөмдөрдү жыйноо функциясын Социалдык фонддон Салык кызматына өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыкты",- деп билдирди өкмөт башчы.