Жумгал районундагы өрттүн келип чыгуу себеби аныктала элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 16-сентябрда билдирди.
“Өрттүн келип чыгуусуна ошол жактагы малчылар же аңчылар себепкер болушу мүмкүн. Бирок азырынча себеби аныктала элек”,- деди Нурлан Ташманбетов.
Анын айтымында, өрттү өчүрүү иштери дале уланып жатат. Өрттүн токтобой жатышына кургакчылык жана шамал себеп болууда.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Жумгал районунун Каныш капчыгайында өрт чыккан. 12-сентябрга алынган маалыматтарга караганда, тилсиз жоонун кесепетинен 600 гектарга жакын куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Ошондой эле 11-сентябрь күнү өрттү өчүрүү учурунда өрт өчүрүүчү Алтынбек Дүйшөналиев жана Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Абаскан Нуралиев каза болгон.