Мындан ары кыргыз жарандары эски паспорту менен Өзбекстанга кире алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан Кыргызстандын 1994-жылдагы эски үлгүдөгү паспорту менен кирүүгө тыюу салды. Чектөө 1-октябрда күчүнө кирет.