Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында депутаттар бюджеттин таңсыктыгынан улам айрым вице-премьерлик кызматтарды жоюуну сунуш кылышууда.
Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева вице-премьер-министрлер министрлердин ишине тоскоолдук жаратып жатканын айтат.
“Иш жасабаган вице-премьер бүгүн керекпи? Министрлерге тоскоолдук кылгандан башка эч нерсе кылышкан жок. Иштин баарын министр жасап жатат. "Министр баарын тартып кете албайт. Вице-премьерлик кызматтар керек" деп орундарды көбөйтүп койгонбуз. Пайдасы тийбей жаткандан кийин ордун кыскартуу керек болууда”,- дейт Ниязалиева.