Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлыгы жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумуна жетпей жатканы айтылды

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу адамдын жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимуму 5605 сом. Муну 16-сентябрда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин көчмө жыйынында Билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү айрым райондордо мугалимдердин айлыгы жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумуна жетпейт. "Мисалы, Көк-Жаңгак шаарында мугалимдердин орточо айлыгы 5418 сом, Майлуу-Суу шаарында 5195 сом, Араван районунда 5344 сом, Жети-Өгүз районунда 5572 сом",- деди Токтогулов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан