Ош шаарындагы жылуулук системинен ажыратылган көп кабаттуу үйлөр ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин толугу менен жылуулук системине кайрадан уланат. Мындай билдирүүнү "Ош жылуулук электр борборунан" бүгүн, 16-сентябрда билдиришти.
Маалым болгондой, шаарда жаратылыш газынын жоктугун, быйыл кыш узакка созуларын эске алып, өз алдынча жылуулук системинен ажыратылган үйлөрдү кайрадан жылуулук системине туташтыруу каралган. Ага ылайык, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук системине туташтыруу ишинин 70 пайызы аяктап калды. Октябрь айынын аягына чейин толугу менен улантылып бүткөрүлөт. Мындай иштерди аткаруу үчүн кеткен чыгымдардын 50 пайызы Ош шаардык мэриясы тарабынан берилсе, калганын жергиликтүү тургундар тарабынан чогултулмакчы.