Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында комитет төрайымы Дамира Ниязалиева вице-премьерлер 4 жылдан бери Жогорку Кеңештин комитет жыйындарына келбей жатышканын билдирди. Анын айтымында, парламент депутаттары 4 жылдан бери вице-премьерлерди комитеттин отурумдарына катыштыра албай жатышат. “Бир да вице-премьерди көрө албай келебиз. Бир апта мурун отурумга катышуусун талап кылып кат жиберебиз. Бирок ар кайсы шылтоону айтып келбей коюшат. Бирде ооруп калса, бирде бир жакка кетип калган болот. Парламент депутаттары эл өкүлү да. Биздин айтканыбызды угушу керек”,- дейт Ниязалиева.