Жалал-Абад облусунда пахта жыйноо иши кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Агрардык өнөр жай комплекси жана табиятты коргоо секторунун башчысы Абдукамал Суяровдун айтымына таянып билдирди.
Маалым болгондой, быйыл Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы райондорунун дыйкандары 13 миңден ашык гектарга пахта эгишкен. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, 40 миң тонна түшүм же таза 14 миң тонна пахта буласы жыйналып алынуусу күтүлүп жатат. Азыркы күнгө чейин 8333 тонна пахта жыйналган.