Депутаттар өлкөдө алимент фондун түзүүнү сунушташууда

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева алимент фондун түзүү сунушун киргизди. Анын айтымында, бул нерсе алимент төлөөдөн качкандардын жоопкерчилигин күчөтөт. Алимент төлөөдөн качкандардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. Ошондуктан алимент төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү жана кирешесин жашыргандардын киреше булагын ачыкка чыгарууга түрткү берет. Азыр аталардын 30 пайызы алимент төлөбөйт экен. Ата баланы багууга милдеттүү”,- деди Кадыралиева.

Депутаттын бул сунушуна өкмөт каршы экени айтылды. Өкмөт каршы чыгып жатат. Каражатты алимент төлөөчүлөрдүн милдеттемесине ала тургандай жол-жобо иштеп чыгып берсе болот. Ага эч кандай каражат кетпейт”,- деп кошумчалады Кадыралиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан