Бүгүн, 16-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев: “Кыргызстанда соттордун ишинин туура эмес уюштурулгандыгынан жана алардын ишинин аябай көптүгүнөн улам жүздөгөн карапайым атуулдар айлап, жылдап, бир нече жылдап качан алардын үстүнөн козголгон иш сотто караларын күтүп жатып ден соолугун жоготушуп, оорулуу, майып болуп калган учурлар кездешүүдө”,- деп билдирди.
Анын айтымында, соттордун иши абдан көп болгондуктан, кайсы бир сот ишин кароо улам кийинкиге жылдырылып отуруп, айрым учурларда соттор мурдагы болгон ишинин мазмунун да эстен чыгарып коюшкан учурлар кездешет. Бул маселени чечүү үчүн Б.Аманбаев төмөнкү сунуштарды жарыялады:
1) Баш коргоо чарасын колдонуунун ыкмаларын КРнын Конституциясынын жана адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык жакшыртуу;
2) КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 33-главасына соттук териштирүүлөрдү мүмкүн болушунча үзгүлтүксүз жүргүзүү зарылдыгын шарттаган эреже киргизүү;
3) Аталган кодекстин 109-беренесиндеги куроону колдонууну чектеген эрежени эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу;
4) Аталган кодекстин 267-беренесиндеги айыпталуучунун камакта отуруу мөөнөтүн узартуу ар бир эки айда, соттун жүйөлүү, далил келтирген чечиминин негизинде жүргүзүлсүн деген эреже киргизүү.