Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды.
Мыйзам долбооруна ылайык, юридикалык жактар 100 миң сомдон ашык камсыздандыруу төлөмдөрүн банк аркылуу накталай эмес түрдө которуп беришет.
Депутаттар талкуудан соң мыйзам долбоорун экинчи окууда колдошту.