"Ата Журт" партиясынын депутаттары боюнча сот ишин Бишкектеги Спорт Ордосунда өткөрүү керектигин депутат Курмантай Абдиев соттон өтүндү. Айта кетсек, бүгүн 24-январда Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча сот иши өтүүдө. “Бул сот залы абдан тар, сотко катышууну каалагандар батпай жатат. Бул иш Кыргызстандын тарыхында кала турган окуя, ошондуктан сот ачык жана таза болушу керек”,- деди Абдиев.