Ош облусунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү эки мүчөсү кармалды

Ош облусунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 13-сентябрь күнү Кара-Суу шаарында эки жаран кармалган. Алардын жашаган жерин текшерүүгө алганда көп сандагы диний-экстремисттик маанайдагы китептер, дисктер, баракчалар табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Аларды кармоо учурунда бири күч органдарына каршылык көрсөткөн. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми экинчиси эч жакка чыкпоо каты менен коё берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан