Кадамжай районунда дарыгер бейтап кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Д.Ж. аттуу дарыгер 18 жаштагы бейтап кызды зордуктоого аракет жасаган. Кыз кыйкырып жардам сураганда дарыгер качып кеткен. 14-сентябрь күнү кылмышка шектүү Оштогу аэропорттон Орусияга кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.