Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы отурумунда балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоору каралууда. Аталган маселе боюнча социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев баяндама жасоодо.
Министрдин айтымында, программанын максаты - балдар юстициясын эффективдүү өнүктүрүү. Долбоорду ишке ашырууга 58 миллион сом талап кылынат.
Депутат Ыргал Кадыралиева башка министрликтер да ушундай программа иштеп чыгышы керектигин айтты.
“Жаштар министрлиги да ушул сыяктуу программа иштеп чыкса болмок. Канчалаган мигранттар "кара тизмеден" чыга албай жүрүшөт, канчасы жумушсуз калды. Ошон үчүн башка министрликтерге да ушундай программа керек. Баары эле "эртең кетип калам" деп мындай олуттуу иштерди жасашпайт”,- деди Кадыралиева.