Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы менен бүгүн, 16-сентябрда Укук коргоо системин реформалоо жана өнүктүрүү кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага парламент депутаттары, министрликтердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маматалиев реформанын айрым бөлүктөрүн ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн көп иштер жасалганын айтты. Муну менен бирге кемчиликтер да бар экенин белгиледи. "Ички иштер органдарын реформалоо маселеси боюнча өкмөттүн аракетине жарандык коом тарабынан адилеттүү сындар айтылууда",- деди Маматалиев.
Коомчулуктун укук коргоо органдарына ишеничин жогорулатуу зарыл экенине токтолгон вице-премьер "Укук коргоо органдары коомчулук алдында маалымат берип турууга тийиш. Кадрдык курамдын кесипкөйлүгүнүн жогорулашы маанилүү иш-чара болууга тийиш" деп билдирди.