Бишкекте ымыркай жеке акушер тарабынан сатылганы ачыкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда кабарлады.
Маалыматтарга караганда, август айынын аягында жеке акушер-гинеколог Бишкектеги №1-төрөт үйүнүн дарыгерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы тургунунун төрөтүн кабыл алган. Бирок ымыркай белгисиз адамдарга сатылып кеткен. Расмий документтерге туура эмес маалыматтар киргизилген.
Алдын ала маалыматтарга караганда, наристени башка адамдар алып кеткен соң, анын апасына дарыланганга акча таштап кетишкен. Апасы баласын кайтарып алууга аракет кылганынан пайда чыкпаганда милицияга кайрылган.
Учурда төрөттү кабыл алган акушер-гинеколог айым камакка алынып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Ымыркайдын кайда экени белгисиз болууда. Иликтөө иштери жүрүп жатат.