Дастан Бекешев депутат Нарматованы факт менен сүйлөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматованы бирөөнү куру айыптабай, факт менен сүйлөөгө чакырды. Жыйында депутат Нарматова каралып жаткан мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевди "жеке кызыкчылыгын көздөп мыйзам долбоорун даярдайт" деп айыптаган эле. Мындан кийин демилгечи бул айыптоого конкреттүү фактыны келтирүүнү талап кылды. "Сиз фактыларсыз эле сүйлөй бересиз. Бирөөнү куру айыптаган туура эмес",- деди Бекешев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан