Коммерциялык эмес уюмдардын отчёттуулугун кыскартуу жөнүндө мыйзам долбоору сунушталууда

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбоору талкууланып жатат.

Баяндама жасаган депутат Дастан Бекешев кичи ишкердиктеги субъекттердин отчёт тапшыруу боюнча мөөнөтүн бир айлык убакыттан кварталга өзгөртүүнү сунуштады. “Кыргызстанда 12 миң коммерциялык эмес уюм бар. Анын ичинен 11 миң уюм ай сайын отчёт тапшырат экен. Салык кызматында иштегендердин жөн гана кагазды толтургандан башка иши жок, алар “нөлдүк” отчётун тапшырып коюшат деп айтып жатышат. Ошондуктан ар бир айда эмес, бир кварталга жылдыруу керек”,- деди Бекешев.

Депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдоого алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан