Бишкекте "41 жаштагы айымды зордуктоого аракет кылган" деп шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды

Бишкекте "41 жаштагы айымды зордуктоого аракет кылган" деп шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди. 

Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө 41 жаштагы Адина аттуу айым кайрылып, Павлов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 20-25 жаштардагы адамдар күч колдонуп зордуктоого аракет кылышкандыгын маалымдаган. Аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды табуу үчүн жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында шектүү катары Жалал-Абад облусунун Азамат аттуу 24 жаштагы тургуну кармалды.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан