Мыйзам даярдоодо депутаттардын стенограммадагы оозеки сунуштарын да эске алуу демилгесин тармактык комитет четке какты

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков мыйзам долбоолорун иштеп чыгууда жазуу жүзүндө берилген сунуштардан сырткары депутаттардын стенограммада жазылып калган оозеки сунуштарын да эске алуу демилгесин көтөрүп чыкты. Исаковдун билдиришинче, мыйзам долбоорлору боюнча депутаттардын жазуу жүзүндө берген сунуштары гана эске алынып, ал эми талкуу учурунда айтылган пикирлери эске алынбай калууда. “Эгер мыйзам долбоорунда биздин пикир эске алынбай турган болсо, анда талкуунун эмне кереги бар? Депутаттардын оозеки ойлору да стенограмма аркылуу эске алынууга тийиш. Мындай талап кыргыз парламентинин ишинде болгон, кийин алынып салыныптыр”,- деди депутат.

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорун иштеп чыгууда депутаттардын жазуу жүзүндө берген сунуштарын гана эске алуу талабы стенограмма менен иштөө кыйынчылыктарынан улам келип чыкканын билдирди. Стенограммада оозеки айтылган пикирлердин мааниси бурмаланып, кийин талаш-тартыштарды жаратышы мүмкүн экени да айтылды.

Жыйынтыгында Исаковдун мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан