Өзгөн районундагы мектептердин биринин 9-класстагы окуучусу классташын өлтүрүп коюп, азыр эркиндикте жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы отурумунда депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, мектептеги кылмыштуулук менен күрөшүүгө укук коргоо органдары кайдыгер болуп жаткандыктан, акыркы учурда кылмыштуулук өсүүдө.
“Өткөн жылы Өзгөн районундагы мектептердин биринде окуучу бала классташын бир чаап өлтүрүп коюп, азыр эркиндикте жүрөт экен. Териштирсек, каза болгон баланын апасы өз энеси эмес, өгөй апасы экен. Ал аял 200 миң сом алып, ишти жаптырып салыптыр. Органдарга бул боюнча чараны күчөтүүнү сунуш кылам”,- деди Кадыралиева.