Бишкекте 18-сентябрда "Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат: абалы жана келечеги" аттуу конференция өтөт. Мамлекеттик тарых музейинде өтчү иш-чарада кыргызстандык жана чет элдик эксперттер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү маселелер боюнча баяндама жасашат. Конференция өлкөдөгү Мамлекеттик кадр кызматынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата өтөрүн мекемеден билдиришти. Айта кетсек, Мамлекеттик кадр кызматы алгач Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик болуп түзүлүп, 2009-жылы мамлекеттик кызмат болуп кайра түзүлгөн.