“Бүгүн, 16-сентябрда Нарын шаарынын борбордук аянтында митинг өткөрүүнү пландаганбыз. Бирок митинг баштала электе милиция кызматкерлери "тартип буздуң" деп мени милиция бөлүмүнө алып келишкен, азыркыга чейин бошотуша элек”,- деп билдирди SUPER.KG порталына коомдук активист, Нарын шаарынын тургуну Бактыгүл Жумабаева.
“Буга чейин Нарын облусунун бир топ жеринде Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү жана электр энергиясына болгон бааны көтөрбөө боюнча талаптарыбыз жазылган кагаздар элге таратылган. Мени азыр Түлеевден 240 миң сом алды деп айыптап, мен жөнүндө КТРКда да туура эмес маалымат берилип жатат. Камакта жаткан кишинин акчасын мен кантип алмак элем?! Биз абийирди акчага саткан эл эмеспиз. Нарын эли керек болсо 2010-жылы да акча үчүн чыккан эмес”,- дейт ал.