Бишкек шаарынын Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгынын жетекчилиги бир катар мыйзам бузууларга барган. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери юридикалык тарап менен А.Н.А. аттуу жарандын киши жашабаган имаратты сатып алуу боюнча келишимин каттоодон өткөрүшкөн. Бирок имарат мурда Бишкек шаарынын райондор аралык соту тарабынан камакка алынган болчу. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.