Жоомарт Оторбаев "мамлекеттик ишканалардын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү айына бир жолу маяна алганы гана келбей, ишкананы көзөмөлдөшү керек" деди

Өкмөт жетекчиси Жоомарт Оторбаев бүгүн, 16-сентябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жаңы дайындалган директору Дүйшөн Ирсалиевди кабыл алды. Премьер-министр өзүнүн жеке тапшырмасы менен мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагын түп-тамырынан реформалоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Бул боюнча концепциянын долбоору даярдалганын айткан Оторбаев аталган фонд өз ишинде башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын колдонушу керектигин билдирди. 
"Фонд каржылык ресурстарды кайрадан бөлүштүрүүнү башташы керек. Мамлекеттик ишканалардын Директорлор кеңеши өздөрүнүн миссиясын жана жүргүзүлүп жаткан саясаттын маңызын так билиши керек. Алар айына бир жолу маяна алганы гана келбей, ишканалардын ишин анализдеп, көзөмөлгө алышы шарт. Эгер бул кадрлар мамлекет үчүн иштей алышпаса, анда жаңы адамдарды алып келиш кажет. Биз фонд улуттук долбоорлорду жана корпорацияларды кантип өнүктүрүп жатканын көргүбүз келет",- деди Жоомарт Оторбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан