Асылбек Жээнбеков Кытайдын Бүткүл кытайлык Эл өкүлдөр жыйынына 60 жыл толушу менен жыйындын туруктуу комиссиясынын төрагасын куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Бүткүл кытайлык Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комиссиясынын төрагасы Чжан Дэцзянды БЭӨЖдүн түзүлгөнүнүн 60 жылдыгы менен куттуктады. Маалыматты бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан сизди жана сиздин кесиптештериңизди Бүткүл кытайлык Эл өкүлдөр жыйынынын түзүлгөнүнүн 60 жылдыгы менен куттуктайм. Кытайдын мамлекеттик өнүгүү жаатында жетишкен ири ийгиликтерине кубануу менен көз салып турабыз. Мындай жогорку жетишкендиктерге Эл өкүлдөр жыйыны институтунун натыйжалуу иши түрткү берүүдө. Биз сиздердин өлкө менен болгон жакын коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди абдан баалайбыз. Эки тараптуу алакаларда өзгөчө орунду ээлеген биздин парламенттердин тыгыз кызматташтыгына чоң ишеним артабыз. Сизге бекем ден соолук, ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кытай элине тынчтык менен бакубат турмуш каалаймын” деп айтылат куттуктоодо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан