Нарында митингге чыккандар жергиликтүү бийликке билдирүү жөнөтүшкөн эмес. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 16-сентябрда билдиришти.
Алардын маалыматына караганда, митингдин катышуучулары жергиликтүү бийликке билдирүү жөнөтүшкөн эмес. Алар митингдин болору жөнүндө 2 күн мурда билдириши керек болчу. Бул күнгө башка адам билдирүү калтырган, бирок ал өзү митингге чыккан эмес. Учурда бул боюнча административдик протокол толтурулуп, сотко жөнөтүлгөн.
Айта кетсек, бүгүн Нарын шаарында 10го жакын адам электр энергиясына болгон баанын жогорулашы боюнча митингге чыгышкан.