27-сентябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында биринчи жолу немис композитору Карл Орфтун “Кармина Бурана” аттуу сахналаштырган чыгармасы коюлат.
Аталган театрдан билдиргендей, республиканын 200дөн ашуун хор артисттери катышат.
Солисттери - Айзирек Момунова, Оксана Шутова, Бакыт Ыбыкеев. Ошондой эле А.Жумакматов атындагы симфониялык академиялык оркестри коштойт.
“Кармина Бурана” латын тилинен которгондо “Бавар ырлары” дегенди түшүндүрөт. Бул чыгарма 20-кылымда Бавар Альпында табылган кол жазманын негизинде жазылган. Чыгарманы орто кылымдарда сүйүүнү, жердеги жашоонун ырахаттарын жана шарапты даңктап, чиркөөдөгү тартипти шылдыңга алып ырдаган акындар жазышкан.