Мугалимдердин эмгек акысы боюнча тарифтик торчону кайра кароого багытталган жумушчу топ түзүлөт. Мындай чечим бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин биргелешкен жыйынында кабыл алынды. Биргелешкен жыйынга аталган комитеттин мүчөлөрүнөн сырткары тармактык министрликтердин өкүлдөрү, мугалимдер, экономика тармагындагы серепчилер, билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө акыркы жолку акы төлөө модели алмашылгандан тартып эмгек стажы эске алынбагандыгы, алардын категорияларынын алынып салынышы, сабактардын жүктөмөлөрүн мектеп директорлорунун ар кандай бөлүштүрүшү сындуу бир катар көйгөйлөр белгиленди.
Билим берүү, илим министринин орун басары Калыс Шадыканов менен каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев 2011-жылы мугалимдердин айлык акысы жакшы эле көтөрүлгөнүн, бирок ар жылдагы инфляциянын негизинде мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү дегендин актуалдуулугу жоголгондугу менен коюлган дооматтарга түшүндүрмө беришти. Кожошев 2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда мугалимдердин маяналарын көтөрүү каралбагандыгын маалымдады. Ошону менен катар жыйында белгиленген мугалимдердин категориясын кайра калыбына келтирүү, кичи шаарлардагы мугалимдерге 1000 сомдук кошумча акы маселелери министрликте караларын билдирди.
Жыйынтыгында Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев айтылган сунуш-пикирлердин негизинде мугалимдердин маяналарынын аздыгына кечиктирилгис чара көрүүнү талап кылган, учурдун көйгөйүнө айланган маселеден улам мугалимдердин эмгек акысы боюнча тарифтик торчону кайра кароого багытталган жумушчу топ түзүүнү комитеттин чечимине киргизди.
Чечим комитет мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоо тапты.