Кыргыз мушкерлери Орусияда өткөн эл аралык мелдеште 1 күмүш, 1 коло медаль утушту

Кыргыз мушкерлери Орусияда өткөн эл аралык мелдеште 1 күмүш, 1 коло медаль утушту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш бокс боюнча Олимпиада оюндарынын 2 жолку чемпиону (“Афины-2004”, “Бээжин-2008”) Алексей Тищенконун сыйлыгына арналып уюшулуп, Омск шаарында өттү. Ага Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстан мамлекеттеринин мушкерлери катышкан. Анда Кыргызстандын желеги астында 5 мушкер рингге чыкты. 52 килограмм салмакта Абдувахоб уулу Канатбек күмүш медаль утса, 69 килограмм салмакта Бакыт Жигиталиев коло утту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан