Бишкектин Токтогул көчөсүнө велосипед менен жүрүүчү жол курулууда

Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн, 16-сентябрда шаардын Токтогул көчөсүнө салынып
жаткан велосипед менен жүрүүчү жолдун курулушу менен таанышты. "Корея, Швеция сыяктуу көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө велосипед менен жүрүүчү жолдор тротуар менен бирге курулат. Бул мисалды жергиликтүү бийлик да колдонуп көрүүнү чечти. Мындай чечим велосүйүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн кабыл алынды",- деп билдирет мэрия. Токтогул көчөсүндө учурда тротуар жасоо иштери жүрүп жатат. Долбоор боюнча тротуардын кеңдиги велосипед менен жүрүүчү жолду курууга мүмкүндүк берери айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан