Жайыл районунда мал уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 48 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар короосуна кирип, байланып турган уюн уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Анын жүрүшүндө кылмышка шектүү делинип 23 жаштагы жаран кармалган. Учурда ал кылган ишин мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.