Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Мындай чечим комиссиянын 16-сентябрдагы жыйынында кабыл алынганын мекемеден билдиришти. Айта кетсек, 8-сентябрда өткөн шайлоо боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Салайдин Авазов бекитилди. Ал эми Нарын шаарынын мэрлигине шайлоодо утуп чыккан Рахат Адиевдин эмгек китепчесинде маселе бар экенине байланыштуу акыркы чечим чыга электигин билдирет БШК.