Бүгүн, 16-сентябрда Нарын шаарында электр энергиясына болгон бааны көтөрбөө жана Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү талаптары менен митингге чыккандардын башында турган жарандар эртең менен саат тогуздан өткөндө милиция бөлүмүнө алынып барылган эле. Алардын түштөн кийин бошотулганын SUPER.KG порталына Бактыгүл Жумабаева кабарлады.
“Милиция биздин талаптарыбыз жазылган кагаздын таратылганы жана элдин уруксатсыз чогулганы боюнча сурады. Эми бизге карата административдик чара көрүлөт экен. Биз нааразычылык акциясын мындан ары да уланта беребиз”,- деди ал.