Нариман Түлеевдин сот иши 17-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда өткөн соттук отурумда маалым болду.
Белгилүү болгондой, Нариман Түлеев менен бирге айыпталып жаткандардын айрымдарынын жактоочулары сот залына бүгүн келе алышпай калгандыгы сот отурумунун эртеңкиге жылышына себеп болду.
Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен
11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.