Сокулук районунда адам өлтүрүү фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине райондук ооруканадан маалымат келип түшкөн. Анда денесине оор жараат алган адам ооруканага жеткирилгени жана бир канча мүнөттөн соң көз жумганы айтылган. Бул боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кылмышка шектүү делинип 43 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.