Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту жокко чыгаруу маселеси каралууда. Мыктыбек Абдылдаев демилге ишке ашарына ишенбей турганын билдирди. Депутат мамлекеттик гимнди мисал кылды.
"Эгемендүүлүк майрамында гимндин 2 эмес, 3 куплети ырдалды. А биз эки гана куплет ырдалышы керектигин айтып, токтом кабыл алганбыз. Гимнди токтомго шайкеш келтире албай жатабыз, а бул мыйзам долбоорунда 4 миллион жарандын паспорту жөнүндө сөз болууда",- деди Абдылдаев.
Эскерте кетсек, гимндин бир куплетинде орунсуз сөздөр бар экенин айтышып, депутаттар 2012-жылдын декабрында гимндин 2-куплетин мындан ары колдонбоо чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык, гимндин "досторуна даяр дилин берүүгө", "бейкут" деген сөздөрү бар куплети ырдалбай турган болгон. Бирок 31-август - Эгемендүүлүк майрамында 3 куплет ырдалганын депутат Абдылдаев байкап калыптыр.