Бүгүн, 16-сентябрдагы Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйынында депутат Дастан Бекешев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн сот имараттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүү сунушун киргизди. Комитет мүчөлөрү депутаттын сунушун колдоого алышты. Бекешев жумушчу топтун курамына коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ЖКнын аппаратынан жана комитеттин эксперттери кирерин айтты.
Ал эми каржы маселесин эл аралык уюмдар колго алып жатканын белгиледи депутат.