Депутаттар 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту 60 жаштан кийин колдонууну жокко чыгаруу демилгесин колдошту. Мындай чечим парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Жыйында “1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 14-апрелиндеги №295-V токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтом долбоору талкууланды.
Ага ылайык, эми 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту колдонуп жүргөн жарандар 60 жашка чыкса, паспортту алмаштырышы керек. Эгерде көрсөтүлгөн куракка жете элек болсо, паспорт жарамдуу болуп эсептелет.