Нарын. Нарын шаарында мугалимдер арасында "Шайырлар жана шамдагайлар" аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү

Бүгүн, 24-январда саат 10:30да Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо борбору шаардагы Кычан Жакыпов атындагы №5-орто мектебинде “Шайырлар жана шамдагайлар” аттуу спорттук мелдеш уюштурду. Мелдештин башкы максаты - 2013-жылдын Иштерман жылы деп жарыяланышына байланыштуу мугалимдердин активдүүлүгүн арттырууга, мектептер аралык байланышты чыңдоо. Аталган борбордо билимин жогорулатуу үчүн курста окуп жатышкан мугалимдер 2 тайпага бөлүнүп, “Ынтымак” жана “Достук” деп аталышты. Мелдештин жобосу боюнча тайпалар 7 тапшырма менен таймашып, жыйынтыгында атайын түзүлгөн калыстар тобу “Достук”  тайпасын жеңүүчү деп тапты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан